“Фракция лидерлери президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыктык. Анда “Кумтөр” боюнча да сөз болду. Президент “Кумтөрдү” 100 пайыз Кыргызстанга алууга ыктоодо”. Муну бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйын берген депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Айтымында, өлкө башчы мындай кадамга барса, аны колдош керек. “Улутташтыруу керек болсо, жакында бул боюнча мыйзам долбоор даярдайбыз. Анда “Центеррага” чыгымдарын төлөп берүүнүн жана башка маселелердин жол-жоболорун аныктайбыз. Акча мененби же алтын менен төлөйбүзбү, мунун баары ушул мыйзамда жазылат. Биз алардын чыгымын 10 жылдын ичинде бөлүп-бөлүп төлөп берүүнү демилгелешибиз керек”,- деди Өмүрбек Текебаев.