Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин авто транспорттук ишканасына президенттин жана Өкмөттүн Иш башкармалыгынан Cadillac XTC үлгүсүндөгү 10 авто унаа берилди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматтарга караганда келип түшкөн 10 автоунаа Жогорку Кеңештин фракцияларына бөлүнөт жана протоколдук-өкүлчүлүк иш-чараларына колдонулат.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин автопаркы 2007-жылдан бери жаңылана элек.