Бүгүн, 12-ноябрда Ош шаарында “Жаңы табылган АИВ-СПИД нөл” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чара шаардык социалдык жана маданий өнүгүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Аталган бөлүмдүн адиси Гүлнур Шаршеналиеванын айтымында 1-ноябрдан 1-декбрга чейин АИВ-СПИД оорусу менен күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланды. Жыл башынан бери Ош шаарында аталган оору менен ооругандардын саны 76ны түзсө, каза болгондордун саны 178 болгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.