Кыргызстандык делегация Парижде өтүп жаткан БУУнун 37-башкы конференциясына катышып жатат

Бүгүн, 12-ноябрда  Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясы Париж шаарында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өтүп жатат.

                  

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Элнура Корчиева, Франция жана Бенилюкс өлкөлөрү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асейин Исаев жана кыргыз делегациясын баштап барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Башкы конференциянын ишине катышып жатат. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. 

        

Аталган конференцияда Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков атайын баяндама менен чыгып, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоо, билим берүүнү өркүндөтүү, таза суу, суу ресурстарын коргоо боюнча маселелерге токтолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан