Федор Черницын: "Бажы биримдигине кирүү кыргыз мигранттарына эмес, сооданын эркин жүрүүсүнө шарт түзөт"

   Бишкекте бүгүн, 12-ноябрда “Кыргызстан жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик: Интеграциянын абалы жана келечеги” деген темада бизнес-форум болуп өттү. Анда  Евразия экономикалык комиссиясынын Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча жумушчу тобунун жооптуу катчысы, интеграцияны өнүктүрүү департаментинин эл аралык аракеттешүүлөр бөлүмүнүн кеңешчиси Федор Черницын “Бажы биримдигине киргенде кыргыз мигранттары ББ өлкөлөрүндө эркин жүрө алат деген бул жаңылыш пикир деп билдирди.  
 
  Бажы биримдигинин нормативдик-укуктук базасы мигранттардын эмес, сооданын эркин жүрүүсүнө уруксат берерин белгилеп өттү. “Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин республиканын жарандары бул аймакта эркин жүрө алышат деген жалган пикир бар. Учурда Кыргызстандын аталган биримдикке кирүү процессинде документтерди мамлекет башчыларынын деңгээлинде бекитүү эле калды”,- деди ал.
  
  “Жол картасын кабыл алуу жана аны бекитүү Кыргызстандын Бажы биримдигине  киргендигин билдирбейт. Бул үй тапшырмасы сыяктуу. Кыргызстан Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүгө даярдануусу керек. Биз кыргыз тараптын аталган экономикалык мейкиндикке өтүү боюнча каалоосун көрүп турабыз”,- деди Черницын.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан