Өмүрбек Текебаев “Кумтөрдү” улутташтыруу процесси 1-2 аптада бүтүшү керек” деди

“Кумтөрдү” улутташтыруу процесси чагылгандай тездикте ишке ашышы керек. Муну бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйын берген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтты. Айтымында, бул процесс 1-2 аптанын ичинде бүтүшү керек. 

Депутат “денонсациялоо башталса “Кумтөрдө” иш токтоп калат деген сөз туура эмес экенин айтты. “Эч кандай токтоп калуу болбойт, ишкана азыр кандай иштеп жатса дал ошондой иштей берет. Ким токтотот экен аны?”,- деди эл өкүлү. 

 

Айта кетсек, “Кумтөрдү” улутташтыруу процесси башталса, тийиштүү мыйзам долбоорлору ноябрь айында даяр болот. Ал мыйзамда улутташтыруунун жол-жобосу камтылары айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан