Кытайлык окумуштуулар С витаминин COVID-19дун оор түрүн алдын алат деп табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында жазылат.
Маалыматка ылайык, окумуштуулар С витамини коронавирустун оор түрүнөн айыгууну 70 пайызга жогорулатарын ырасташты.
"Дарыгерлер оор абалдагы бейтаптар үчүн 6 граммдан 24 граммга чейин витамин дозасын колдонушкан. Натыйжада бейтаптардын жашоо көрсөткүчү өсүп, ооруканада жатуунун узактыгы азайган. Ошондой эле организмдин кычкылтек менен каныккандыгы жакшырган. С витамини колдонулгандан кийин оорулуулардын үчтөн биринде гана илдет күчөгөн", - деп кабарланат.
Мындан тышкары окумуштуулар бул дарылоо режимин масштабдуу изилдөөлөрдөн кийин гана колдонууга мүмкүн экенин белгилешкен.