Франциянын президенти Эммануэль Макрондун мурдагы жардамчысы үч жылга эркинен ажыратылды

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун мурдагы жардамчысы Александр Беналланын үч жылга эркинен ажыратылганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Александр Беналла 2018-жылдын май айындагы демонстрацияда күч колдонгон деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Беннала жазанын бир жылын үй камагында өткөрөт. Мындан тышкары ал 5 жыл бою мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

Белгилей кетсек, аталган аймактын маалымат каражаттары 2018-жылдын июль айында Александр Беналланын митингге чыккандардын бирин сабап салган видеосун жарыялаган. Беналла алгач кызга орой мамиле жасап, андан соң полициянын курчоосунда турган жигитти сабап салган. Мындан улам өлкө президенти Беналланы кызматтан бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан