“Кумтөрдү” улутташтырууга барсак, “Центерранын” чыгымын ушул чечим кабыл алынган күндөгү рыноктук баа менен эсептешүүбүз керек. Анткени “Центерранын” акциялары күндөн-күнгө түшүп жатат. Муну бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.
“Ушундай жол менен алардын аз өлчөмдөгү чыгашасын төлөп коюуга бизге шарт түзүлөт”,- деди ал.
Айта кетсек, эл өкүлү “Центерранын” экологияга тийгизген зыянын эсептеп, Жети-Өгүз райондук сотуна кайрылып, андан кыргыз тарап утуп чыкса боло турганын да айтты. Андай болсо, Канада тарапка компенсация төлөбөй эле “Кумтөрдү” кайтарып алууга болот.