Жогорку Кеңештин авто транспорттук ишканасына президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынан Cadillac XTC үлгүсүндөгү 10 авто унаа берилди. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, бул унаалар Жогорку Кеңештин фракцияларына бөлүнөт.
Жогорку Кеңештин автопаркы 2007-жылдан бери жаңылана электигин, буга чейин депутаттарды 68 автоунаа тейлеп келгенин билдирет маалымат кызматы.