Кадыр Токтогулов: “Алмазбек Атамбаев фракция лидерлери менен жолугушууда “Кумтөр” маселесин саясатташтырбоого чакырды”

Парламенттеги фракция лидерлери менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев “Кумтөр” боюнча “Центерра” менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан өкмөттүн позициясын эске алуу менен калыс чечим чыгарууга чакырды. Муну президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов билдирди. 

 

“Президент биротоло чечим чыгаруу үчүн өкмөт менен “Центерра” компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүү керектигин белгиледи. Президент ошондой эле Кумтөр боюнча маселенин ашкере саясатташып кетүүсү өлкөдө стабилдүүлүктү сакташ үчүн экономикалык коркунучтарга карабастан, балким, "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча чечим кабыл алууга аргасыз кылган абалга алып келиши мүмкүндүгүн белгиледи”,- дейт Токтогулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан