22-ноябрдан 24-ноябрга чейин Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы “Сүйлө, коркпо”
аттуу социалдык сүрөт көргөзмө ачылат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары
билдиришти. Көргөзмө сүрөт искусствосу аркылуу орчундуу маселеге кайрылуу болуп
эсептелет. Сүрөттөрдө бүгүнкү күндө зомбулукка кабылган аялдардын жашоосу чагылдырылган.
Долбоордун максаты – кыргыз аялдарына болгон катаал мамилеге коомчулуктун
көңүлүн буруу, зомбулукка туш болгон аялдарга (үй-бүлөдөгү зомбулук, кулчулукка,
ала качууга, эрте турмуш куруу, зордуктоого кабылгандар) колдоо көрсөтүү болуп
эсептелет. Сүрөт көргөзмө “Бишкек парк” соода борборунда өтөт.