Талибандар Ооганстанда аскердик парад өткөрүштү

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ооганстанда аскердик парад өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Басылмалардын жазганына караганда, аскердик парад Ооганстандын ири шаарларынын бири Кандагарда орун алган. Анда талибандар жаңы армияны түзүү үчүн ооган жана эл аралык күчтөрдүн мурдагы унааларын жана тик учактарын колдонушкан.

Аскердик унаалар аэропортту шаардын борбору менен байланыштырган Кандагардагы негизги жолду бойлоп өтүштү. Бул учурда диний музыка угулуп турган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Буга чейин Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы өлкөдө жүгүртүүдөгү чет элдик валютаны колдонууга тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2021-11-09 09:42:28
Американын таштап кеткен машиналары го
+7
Tyttty1990
2021-11-09 16:40:12
Көк мээлер. Америка таштаган техниканы жууп тазалап парад кылышыптыр да
+3
bond02
2021-11-09 21:18:57
Юбкачан журушот го
+2
Dembele84
2021-11-09 22:07:34
Парадка бок барбы,эли ачка кыйналып турганда
+2
Sajakat14
2021-11-10 00:13:15
Dembele84,эли ушул темирлерди жечиден бетер.Эли ачка отурса парадды эмне кылышат?Ал америкалыктар согуш техникасын калтырбай койсо эмне кылышмак эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан