Түндүк Корея бийлиги Түштүк Кореянын телеберүүлөрүн көргөнү үчүн, жыныстык мамилелерди чагылдырган тасмаларды тартып, аны элге жайылтканы жана Библиянын көчүрмөсүн алып жүрүшкөнү үчүн 80 адамды коомчулуктун көзүнчө өлүм жазасына тартты. Жазага тартуу иши стадиондордун биринде өткөнүн чет элдик маалымат булактары жарыялашты.
Айтылгандай, Түштүк Кореянын айрым телеберүүлөрүн көрүү Түндүк Кореяда олуттуу кылмыш деп эсептелет.
Түштүк Кореялык "Joong Ang Ilbo" гезити жазгандай, өлүм жазасына тартуу өкүмдөрүн ишке ашыруу 3-ноябрда стадиондордун биринде өтүп, ага 10 миңдей адам күбө болуптур. Мунун ичинде жаш балдар да бар. Айрымдар күбөлөрдүн мажбурлоо жолу менен стадионго алынып келингенин айтышууда.
Айта кетсек, бул өлкөнүн азыркы президенти Ким Чен Ындын тушундагы ири массалык өлүм жазасына тартуу иши. Резонанс жараткан акыркы жазага тартуу 2013-жылдын август айында болуп (12 музыкант атууга кеткен), анын ичинде азыркы президенттин мурдагы сүйгөнү да болгон. Музыканттар жыныстык мамилелерди чагылдырган тасмаларды тартып, аны элге жайылтканы жана Библиянын көчүрмөсүн алып жүрүшкөндүгү (өлкөдө Библия алып жүрүүгө тыюу салынган) үчүн айыпталышкан.