Жылдыз Жолдошова "Менин атымды каралай албайсыңар" дейт
Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында
депутат Жылдыз Жолдошова кесиптештерине кайрылып “менин атымды каралай албайсыңар”
деп билдирди. Анын айтымында, казынадан чоң суммадагы акча “Курманжан датка”
фондуна которулду деп бир нече депутат прокуратурага арыз жазган. "Абдан
чоң суммадагы акча “Курманжан датка” фондуна казынадан бөлүндү деген маалымат
жалган. 12 депутаттан мага арыз түштү. Кимде ким Жолдошованы каралайм десе,
колуңардан келбейт. Же Аида Салянова айтып койбойт арыз түшкөнүн. Мындай жалган жалааны
айтканыңарды токтотуу керек",- деди ал.