“Ооганстандагы памирлик кыргыздардын турмушу оор экенине ынандык”,- деди депутат Мирлан Бакиров парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында. Айта кетсек, жакында Улуу жана Кичи Памирге Кыргызстандан экспедиция барып, ал жактагы кыргыздардын ал-абалы менен таанышып келишти. “Алар “бизге паспорт алып берип, Кыргызстанга көчүрүп кетүүгө жардам берсеңиздер” дешти. Биз аларга Ооганстандагы элчиликке кайрылып көчүп кетүүгө шарт бар экенин айттык”,- деди Бакиров.