Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында депутаттардын Ак үйдүн ичинде жанына курал алып жүрүшүнө тыюу сала турган мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилердин бири депутат Айнуру Алтыбаева. Депутат Исмаил Исаков мыйзамда кемчиликтер бар экенин айтты: “Так эле жазып коюш керек “Жогорку Кеңештин имаратында жана жыйындарда курал алып жүрүүгө болбойт” деп. Жалпыланып жазылып калыптыр”,- деди.
Ал эми Алтынбек Сулайманов бул мыйзам баары бир иштебей турганын айтты. “Мыйзамыңар иштебейт, жөн эле кыйналып жатасыңар. Депутат көтөрүп жүргөн куралын Жогорку Кеңешке кирерде каякка таштайт? Алып кире берет ичкериге. Депутатты токтотуп, текшерүүгө эч кимдин укугу жок”,- деди Сулайманов.