Түркмөнстанда жогорку окуу жайлардын мугалимдерине социалдык тармактарды колдонууга тыюу салына баштады. Бул тууралуу "Азаттыктын" Түркмөнстандагы агенттиги кабарлаган.
Маалыматта Түркмөн мамлекеттик маданият институтунун мугалимдери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө социалдык тармактарга, анын ичинде Инстаграм жана Фейсбукка кирбей турганы жөнүндө тилкат жазып берип жатышканы айтылат.
Ошондой эле мындай тилкатты өлкөдөгү башка жогорку окуу жайлардын мугалимдери да жазып беришүүдө. Анда мугалимдер IMO мессенжерин да колдонбоого милдеттенме алышкан. “IMO мессенжери аркылуу билдирүү гана жөнөтүүгө болот. Сүрөт, видео жөнөтүүгө тыюу салынат” деген жергиликтүү тургундардын бири.
Мугалимдерге электрондук почталарды гана колдонуу сунушталууда. Түркмөнстанда акыркы күндөрү социалдык тармактарга көзөмөл күчөтүлүп, интернетке катуу чектөө киргизилди. Өлкөдө Фейсбук, Инстаграм, Твиттер тармактары бөгөттөлгөн. Аларга VPN серверлердин жардамы менен гана кирүүгө болот. Бийлик VPN серверлерин колдонгондорду жана аны жарандарга орнотуп бергендерди да куугунтуктап жатат.