Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова ("Ата Журт" фракциясы) микрофондон жалган маалымат айтканы үчүн кесиптеши Ташполот Балтабаевден ("Ата Мекен") кечирим сурады. Жолдошова ага чейин "Курманжан Датка" фондуна бюджеттен көп акча бөлүнүп жатканы боюнча айрым кесиптештери прокуратурага кат жазганын айтып чыккан эле. Анан ал депутаттардын фамилияларын окуп берген. Анда Ташполот Балтабаевдин ысымы да аталган болчу.
Балтабаев “Сиз кайсы катты айтып жатасыз, Ушактарды топтоп алып сүйлөй бербей мага ошол катты көрсөтүңүз”,- деди.
Көп өтпөй депутат Жолдошова микрофондон маалыматын тактоого аргасыз болду. “Мен айткан катта Балтабаев эмес, Талант Узакбаев экен. Окшош экен байкабай калыпмын. Ак чөп башта”,- деп кечирим сурады кесиптешинен.
Кызыгы, Балтабаев деген фамилия менен Узакбаев деген фамилиянын кандайча окшоштугу бар экени түшүнүксүз.