Ташполот Балтабаев: “Депутаттардын Ак үйдө куралчан жүрүшүнө тыюу салуу туура”

“Депутаттардын Жогорку Кеңеште курал алып жүрүүсүнө тыюу сала турган мыйзам долбоорун колдойм”,- деди депутат Ташполот Балтабаев ЖКнын 13-ноябрдагы жыйынында. Депутат бул мыйзамды иштебейт дегендерге кошулбайт. “Эмнеге иштебейт экен мыйзам? Иштейт. Эмне үйүндө төшөктө да куралын кучактап жатышабы алар? Кимдин сыйлыкка алган куралы болсо, аны каякта алып жүрүүгө болот, каякта алып жүрүүгө болбой турганын билиши керек”,- деди.  

Тийиштүү мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан