"Нобель" тынчтык сыйлыгынын лауреаты, пакистандык Малала Юсуфзай турмушка чыкты. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасына жазды.
Анын жазганына караганда, үлпөт той Улуу Британиядагы Бирмингем шаарында өтүп, мааракеге үй-бүлөсү жана жакындары катышкан.
"Бүгүн менин жашоомдогу эң сонун күн болуп турат. Ассер менен түбөлүккө бирге болуу үчүн баш коштук", - деп жазып калтырган Юсуфзай.
Маалымат үчүн:
Малала Юсуфзай 1997-жылы Пакистандын Мингора шаарында туулган. Пакистандын Сват аймагын талибдер көзөмөлгө алган учурда Малала 10 жашта болгон. Анда талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган. Малала Юсуфзай кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн.
Малаланы 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бара жаткан жолдо автобуста атып кетишкен. Ал башынын жаракат алып, көп убакыт дарылануудан өткөн соң калыбына келген.
2014-жылы Малала Юсуфзай 17 жашында "Нобель" тынчтык сыйлыгын алып, аталган сыйлыкты алган эң жаш лауреат болуп калды.