Youtube платформасы видеонун астына дизлайк баскандардын санын көрсөтүүнү токтотот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми видеонун автору гана дизлайк баскандардын санын көрөт, бирок "дизлайк" баскычы өчпөйт. Мындай чечим атайын эксперименттин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.
Мындан тышкары видеолордун авторлору дагы психологиялык жактан коопсуз болушат, алар бир гана белгилердин санын көрүшөт деп айтылат маалыматта.
Видеосервис видео жаратуучулардын өтүнүчү менен ушул жылдын март айында бул функцияны сынай баштаган.