Ош. Эстакада көпүрөсүнүн курулушуна бир нече мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк маяналарын которушту

Ош шаарында курулуп жаткан эстакада көпүрөсүнүн курулушуна шаардагы бир катар мекемелердин кызматкерлери өз ыктыяры менен бир күндүк маяналарын которушту. Алар: №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, шаардык “Тез жардам” кызматы, шаардагы №1-С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектеби, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт мектеби, П.И.Чайковский атындагы көркөм өнөр мектеби, шаардык №1-стоматологиялык поликлиникасы, шаардык ветеринардык жана санитардык коопсуздук инспекциясы, А. Сүйүмбаев атындагы шаардык стадион жана Ош шаардык клиникалык ооруканасы.  

 

Белгилей кетсек, эстакада көпүрөсүнүн капсула коюу аземине активдүү жарандар тарабынан жардам иретинде акча которууга банктарда эсеп ачуу сунушу түшкөн. Учурда эсепке келип түшкөн каражаттардын өлчөмү ММКлар аркылуу коомчулукка жарыяланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан