Бүгүн, 13-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында экономика
министри Темир Сариев
“2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү
менен соода жүгүртүүсү 36 пайызга өстү” деп билдирди.
“Кыргызстандын КМШ
өлкөлөрү менен соода жүргүзүүсү 2012-жылы 4 миллиард 15 миллион 600 миң
долларды түздү. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 36 пайызга өсүү болуп эсептелет. КМШга
мүчө мамлекеттерге экспорттоо 1 миллиард 126 миллион 100 миң долларды түзүп, 48,9 пайыз өсүштү көргөздү.
Импорт 2012-жылы 32,7 пайызга өсүп, 2 миллиард 889 миллион 500 миң долларды
түзгөн”,- деди министр.
Экономика министрлигинин алдын ала болжолдуу маалыматында
2013-2015-жылдары Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 13 пайызга
өсүп, 5 миллиард 800 миллион долларга жетет деп көрсөтүлгөн.