Кечээ, 11-ноябрда белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун жакын тууганы Усман Нурмагомедов Москвада полиция кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы маалымдалган. Орусиянын жергиликтүү басылмалары полиция кызматкерлери кара түстөгү Toyota Camry унаасын катуу ылдамдыкта айдаганы үчүн тосушканын жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, катуу ылдамдык радарга түшүп калгандыктан полиция кызматкерлери Toyota Camry унаасын тоскондо ал баш ийбей, полиция кызматкерлерин жөөлөп өтүп качып кеткен. Унаа Махачкладагы аэропорттон табылып, ээлери Москвага учуп кеткендиги белгилүү болгон.
Учурда бул окуя боюнча "бийлик өкүлүнө өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат же 200 миң рубль айып пул төлөйт.