11-ноябрда белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун жакын тууганы Усман Нурмагомедов Москвада полиция кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы маалымдалган.
Социалдык тармактарда Усман Нурмагомедовдун полиция кызматкерлеринин коштоосунда аэропорттон чыгып бара жаткандагы видеосу тарады. Ал эми ал унаасы менен жөөлөп кеткен полиция кызматкери жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Усман Нурмагомедовго Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси ("Бийлик өкүлүнө күч колдонуу") боюнча иш козголгон. Кармалгандар беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат же 200 миң рубль айып пул төлөйт.