"Талибан" кыймылы Ооганстандагы кинотеатрлардын ишине тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Басылмаларда жазылгандай, Кабулдагы "Ариана" кинотеатрында тасма көрсөтүүгө тыюу салды. Буга карабай кинотеатрдын кызматкерлери кайрадан ачылып калар деген үзүлбөгөн үмүт менен жумушка чыгууну улантууда.
Кинотеатрда индиялык, америкалык жана европалык тасмалар көрсөтүлөт. Талибдер бул шариятка карама-каршы келет деген тыянакка келишкен.