Ош шаарына 2014-жылы 150 бейтапка ылайыкталган оорукана курулат

12-ноябрда Ош шаарынын вице-мэри Рустам Мирзаматов Кытайдан келген өкүлдөр менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө шаардык курулуш башкармалыгы Кытай өкүлдөрү менен биргеликте жаңы оорукана куруу долбоорун ишке ашыруусу белгилүү болду. Аталган оорукана шаардын Фуркат  кичирайонуна курулары пландалууда. Медициналык мекеме 150 бейтапка ылайыкташтырылып, заманбап дарт аныктоочу жабдуулар менен камсыздалуусу күтүлүүдө.  

Учурда эки тарап менен курулуш иштеринин долбоору даярдалып жатат, оорукананын курулушу 2014-жылы башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан