12-ноябрь күнү Беларуста эки орус аскери парашют менен конуу учурунда набыт болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти билдиргенин РИА Новости жазды.
Министрликтин маалыматына караганда, кырсык 12-ноябрда Аба-десанттык күчтөрдүн бөлүгү Гродно шаарына жакын жердеги бейтааныш жерге конуу учурунда болгон. Конуу учурунда капысынан катуу шамал болуп, эки аскер кызматкеринин парашюту шамалдан жабылып калган.
Жерге катуу конуудан алар каза болушкан. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Беларусь өлкөсү менен Орусия аскерлеринин машыгуулары Беларустун батыш чек арасына жакын жерде аскердик активдүүлүктүн күчөшүнөн улам өткөн. Машыгууга Орусиянын аскер-транспорт авиациясынын Ил-76 учактары, ошондой эле Беларустун аба күчтөрүнүн жана абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учактары тартылган.