“Кумтөрдүн” өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылуу фактысы боюнча сот иши башталат

"Кумтөрдүн” өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылуу фактысы боюнча Бишкекте 14-ноябрда сот иши башталат. Муну Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Белгилүү болгондой, айыпталгандар Ысык-Көл облусунун тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов.  

Эске салсак, 29-ноябрда УКМК аталган адамдардын “Кумтөрдүн” өкүлү Дуглас Гриер менен болгон сүйлөшүүсү жашыруун тартылган видеотасманы коомчулукка жарыялаган. Тасмада азыркы айыпталып жаткандардын Гриерден 3 миллион доллар талап кылганы көрсөтүлөт.  

 

Бул факты боюнча 29-августта кылмыш иши козголуп, айыпталгандар СИЗОго киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан