Кыргызстанда 10 ай ичинде 24 миңдей кытай жараны катталды

Кыргызстанда 10 ай ичинде 90 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандар катталды. Бул тууралуу 13-ноябрдагы тегерек столдо ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын башчысы Адылбек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, катталгандардын 24 212си Кытайдын жарандары болсо, 31 895и Орусиянын, 3 801и Түркиянын жана 14 798и Өзбекстандын жарандары. 
 
“Ички иштер органдары тарабынан өлкөдө 10 ай ичинде мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча фактылар катталып, 6 кылмыш иши козголду. Мындан сырткары чек араны мыйзамсыз өтүү боюнча 158 факты катталды. Бул боюнча 79 кылмыш иши козголду”,- деди Мамбетов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан