Казакстандын аймагынан баасы 50 миллион теңге болгон күйүүчү майды алып чыгууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар Казакстандан мыйзамсыз 68 тонна дизель майын жана 120 тонна бензинди алып чыгып бара жатканда "Чалдовар" темир жол көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалышкан.
"Күйүүчү майды жүк ташуучу поезд аркылуу алып чыгууну көздөшкөн. Күйүүчү майды процессуалдык чечим чыгаруу үчүн Жамбыл облусу боюнча мамлекеттик кирешелер департаментине өткөрүп берүү пландалууда. Күйүүчү майдын болжолдуу баасы болжол менен 50 миллион теңгени түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 12-ноябрда Казакстан кайрадан бензин жана дизель майын экспорттоого алты айга тыюу салган.