2013-жылдын 9 айында жайыттарды колдонуудан 67,3 миллион сом чогулуптур

2013-жылдын 9 айында жайыттарды колдонуудан 67,3 миллион сом чогулду. Бул туурасында Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кабарлайт.  

Министрликтин маалыматына караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын 9 айына караганда 25,1 пайызга жогору.  Жыйналган акчанын 10,5 миллиону жер салыгы катары жергиликтүү бюджеттерге түшкөн. Ошондой эле жайыттарды колдонуудан 2010-жылы 33 миллион сом, 2011-жылы 66 миллион сом, 2012-жылы 83 миллион сом чогултулган. 

Жайыт департаментинин маалыматы боюнча, 2013-жылы 330 көпүрөнү, 2 чакырымдан ашык мал өтүүчү жолдорду оңдоо пландалган. Ал эми 200дөн ашык мал сугаруучу жайлар оңдолуп-түзөлгөн. 

Учурда жалпы республика боюнча 453 Жайыт комитети бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан