Өткөн суткада Бишкек шаарындагы "Тез жардам" станциясына 465 чакыруу түшкөн. 112 адам ооруканага жеткирилип, 80и жаткырылды. Ал эми жардам сурап кайрылган 102 жаранды "Тез жардам" станциясы тиешелүү поликлиникаларга жөнөттү. Бир суткада шаарда 6 биологиялык өлүм катталды. Ал эми жол кырсыгынан 4 адам жабыр тартып, алардын ичинен 2си ооруканага жеткирилди.
3 селсаяк түшкөн. Алардын бирөө Бишкектеги №4-травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, экөөсү Бишкектеги “Коломто” кайрымдуулук үйүнө жеткирилди.