Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева өкмөттүн кыш мезгилине карата даярдыгын угуу кечиктирилип жатканын сынга алды. Айтымында, бул маселе боюнча өкмөттүн токтому 7-июнда чыккан. “Эмне, кыш бүткөндө карайбызбы? Өкмөт даяр эмеспи же тоготпой жатабы?”,- деди ал.
Төрага Асылбек Жээнбеков: “Өткөн аптада комитеттен жана өкмөт башчыдан бул маселени 13-ноябрда кароо өтүнүчү менен кат келген. Бүгүн да комитеттен кат келди. Жантөрө Сатыбалдиев белгилүү себептер менен Москвага кетиптир. Бир апта күтөбүз”,- деди.