Режеп Тайип Эрдоган өзүн дүйнө лидерлеринин эң тажрыйбалуусу деп атады

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзүн дүйнө лидерлеринин эң тажрыйбалуусу деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эрдоган Түркиянын түндүк-батышындагы Чанаккале провинциясында жаштар менен болгон жолугушууда дүйнөнү жакшы билерин баса белгилеп, өзүн дүйнө лидерлеринин эң тажрыйбалуусу деп атаган. Ал "мен муну мактануу үчүн эмес, башка лидерлердин арасындагы ордумду аныктоо үчүн айтып жатам" деген. Эрдогандын айтымында, түрк эли үчүн кимдин ким экенин билүү маанилүү.

"3-ноябрда Түркиянын Коопсуздук башкы башкармалыгы интернетте Эрдоганды кемсинткен билдирүүлөрдү тараткан 30 адамга кылмыш ишин козгогону кабарланган. Билдирүүлөрдө мамлекет башчыга өлүм каалоолору жазылган. Күнөөсү далилденсе, билдирүүлөрдүн авторлору эркинен ажыратылат", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2003-жылы "Адилеттик жана өнүгүү" партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин Эрдоган Түркиянын премьер-министрлик кызматына киришкен. 2014-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланса, 2018-жылы экинчи мөөнөткө шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-16 07:18:03
Туура эле айткан, мактанатурган эле киши негизи.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан