2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунда Франция курамасына 8:0 эсебинде жеңилген Казакстан курамасы мамлекеттик каржылоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстан футбол тарыхындагы эң ири жеңилүүгө көптөгөн алдыңкы оюнчулардын жана жалпысынан улуттук кураманын резервинин жоктугу себеп болгонун Казакстан футбол федерациясынын башкы катчысы Азамат Айтхожин билдирген.
"Бүгүнкү күндө бизде улуттук курама команданын резерви жок экенин белгилей кетүү керек. Ал эми команда лидерлерин алмаштырган оюнчулар эл аралык деңгээлде ойноого азырынча даяр эмес", - деген ал.
Ал ошондой эле федерацияга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттар алда канча аз экенин айткан.
"Коомчулуктун сынына келсек, ачык айтайын өткөн жана мурунку жылдары Казакстандын футбол федерациясына мамлекеттик бюджеттен 200 миллион теңге бөлүнгөн. Бул каражат ар түрдүү улуттук курама командаларды эл аралык мелдештерге даярдоо жана машыгуу сборлорун уюштуруу үчүн бөлүнгөн. Кайсы миллиарддар жөнүндө сөз болуп жатат?" - деген Айтхожин.
Мындан улам кийинки жылдан тарта Казакстандын футбол федерациясы мамлекеттик каржылоодон баш тартуу чечимин кабыл алган. Уюм УЕФАдан түшкөн каражаттын эсебинен каржыланат жана ошондой эле демөөрчүлөр тартылат.
14-ноябрда Париж шаарында Франция курамасы Казакстанды 8:0 эсебинде жеңип, Катарга жолдомо алган.