Исмаил Исаков: “Жантөрө Сатыбалдиев дарыланганы эмне үчүн Москвага кетет?! Бишкектен дарылансын”

Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында “КРнын Салык кодексине, “КРдагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Бул мыйзам ата-энеси менен чогуу турган жарандардын балдарына да жөлөк пул төлөп берүүгө жол ачат.

Депутат Кенжебек Бөкөев: “Ата-энеси менен чогуу жашаган жарандар балдары үчүн жөлөк пул албай жатат. Анткени ата-энелери алган пенсия үй-бүлөнүн жалпы кирешеси менен кошо эсептелип калууда. Бала ата-энеси менен чогуу турган учурда аларды багууга милдеттүү. Бирок бизде тескерисинче болуп жатат. Ата-энесинин пенсиясы менен бала-чакасын багууда.

Ата-энең пенсия алат деп балдарына жөлөк пул бербей жатабыз. Айрым үйлөрдө ушунун айынан жаңжал да чыгууда. Кокус бир айым үй-бүлөсү менен ажырашып кетип, пенсионер ата-энесинин үйүнө (төркүнүнө) барса, балдары үчүн жөлөк пул ала албай калууда”,- деди.

Мыйзам кабыл алынса, 2015-жылы күчүнө кирет.

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мыйзам күчүнө кирсе, ар бир балага берилчү жөлөк пулдун орточо көлөмү 525 сом болот. Депутаттардын “Жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөр кантип аныкталууда?” деген суроосуна министр: “Үй-бүлөнүн бир айлык кирешесинин суммасы үй-бүлөдөгү бардык жаранга бөлүнөт. Эгер ар бир адамга 640 сомдон аз акча тийип калса, бул үй-бүлө
жөлөк пулга муктаж”,
- деди.

Исмаил Исаков бул мыйзамга каршы чыккан өкмөттү сынга алды.

“Бул мыйзамды колдош керек. Буга акча таппаган өкмөттүн бизге эмне кереги бар? Мына, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев дарыланганы Москвага кетиптир. Эмнеге Москвага барат? Бул жерден дарыланса болбойбу? Биз аны мамлекеттин акчасына чет өлкөдөн дарылансын деп өкмөт башчы кылдык беле?”- деп кызууланды.

Депутаттар пенсияны үй-бүлөнүн киреше булагына кошпоо сунуштарын айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан