Депутат Надира Нарматова парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында жөлөк пул боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Айтымында, пенсияны үй-бүлөнүн кирешесине кошуу туура эмес. “Ата-энелер балдарын бакканы аз келгенсип, алган кичине пенсиясы менен неберелерин да багууга милдеттүү эмес. Мыйзам долбоорун колдойлу, калганын өкмөт чечсин. Акчаны кайдан табуу менен өкмөт баш оорутсун”,- деди.
Башка депутаттар үй-бүлөнүн кирешесин эсептөөдө муздаткыч, сыналгы сыяктууларды эсепке алуу уят нерсе экенин айтышты.
Сунушталып жаткан мыйзам ата-энеси менен чогуу турган жарандардын балдарына да жөлөк пул төлөп берүүгө жол ачат.