"Дарбазачы тосо албай...". Түркмөнстандын президенти министрлер менен футбол ойноду (видео)

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Туркменбашы шаарындагы спорт залдын ачылышында министрлер менен кичи футбол ойноду. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, оюндун алдында бардык катышуучулары ПЦР тест тапшырган. Ал эми түркмөн лидери жеке өзү министрлердин колун антисептик менен жууган.

Беттештин жүрүшүндө Бердымухамедов топту биринин артынан бирин оңой эле дарбазага киргизип жатканын көрүүгө болот. Ал тургай атаандаштары топту алса дагы чабуулга чыкпай, дарбазачы жай эле келген топту тосо албай калган.

Бул видео учурда интернет айдыңында талкууга алынууда.

Буга чейин Бердымухамедов Ашхабаддын жанындагы райондордун бирине болгон иш сапарында ок атуу боюнча чеберчилигин көрсөткөн. Ал бутанын ортосуна бир нече ок атып, андан кийин ага кол тамга калтырган.

Түркмөнстандын президентинин министрлер менен футбол ойноду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KaGaH
2021-11-17 08:16:34
Клоун!
+2
Aza2100
2021-11-17 09:49:18
Уят эле да
+1
Sancho-
2021-11-17 10:58:10
Бийлегенден караганда футбол ойногон жакшыда
-1
Asyl.jazi
2021-11-17 12:04:53
Тооба. Ал тепкен топту тосуп койсо, алардын жашоосун тосуп коёт окшойт да
+1
bayern-munchen
2021-11-17 12:09:19
Экинчи тундук Корея Элдери колун ООП ыйласа дагы тан калбайбыз го
+1
Kg-04
2021-11-17 17:35:20
Психопат
0
ainura220888
2021-11-18 11:24:50
Жаш балдарда минтип ойнобойт тообо. Ошончо эли бар топтолуп бир ушуну кууп ире албайбы интересно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан