АКШда өзбекстандык ММА мушкери Акмал Хожиев дарыгерди өлтүргөн деген айып менен кармалды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы мушкер Миран Рибатини аттуу дарыгерди коронавируска каршы эмдөө боюнча талаштан кийин өлтүргөн. Мушкер күнөөсүн моюнуна алган. Каргашалуу окуя 7-ноябрда Гуам аралындагы Тамунинг шаарында болгон. Анда Хожиев менен 42 жаштагы Рибати жергиликтүү спорт залда таанышып, андан кийин мушкердин үйүнө түшкү тамакка барышкан. Ал жерде коронавируска каршы эмдөө талашынан улам алардын ортосунда чыр чыгып, өзбекстандык мушкер дарыгерди муунтуп өлтүргөн.
Айрым басылмалар Акмал Хожиев массалык эмдөөнүн активдүү каршылашы болгондугун жазып чыгышты. Мындан тышкары, анын жакында эле олуттуу психикалык көйгөйлөргө дуушар болгондугу белгиленди.
Сот мушкердин эркиндикке чыгышы үчүн бир миллион доллар күрөө койгон.