Бишкекте бүгүн, 13-ноябрда “Кыргызстанга миграциялык саясат керекпи?” аттуу темада тегерек стол болуп өттү. Анда “КАПС” коомдук бирикмесинин өкүлү Бактыгүл Бозгорпоева “Кыргыз мигрант айымдарынын 50 пайызы барган жеринде аборт жасатышат”,- деп билдирди.
Анын айтымында, медициналык кароонун жоктугу, мигранттардын жумушунун оордугу аборттордун жасалышына, өлүк төрөт жана энелердин боюнан түшүп калуусуна алып келүүдө. “Орусиядагы эмгек мигранттары өлкөдөн чыгаруу иштеринен (депортация) чочулап калышкан. Ошондуктан медициналык мекемелерге кайрылышпайт. Кош бойлуу аялдардын үйдө төрөгөн учурлары да кездешүүдө”,- деди Бозгорпоева.