2013-жылдын январь-октябрь айларында Ош облусу боюнча экономикалык ишкердикти жүргүзүп жаткан ишкерлерге 98 532 патент сатылып, бюджетке 157,2 миллион сом түшкөн. 2012-жылдын бул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 116,5 пайызды түзүп же 10 943 даана патент көп сатылганы маалым болду. Анын ичинен ыктыярдуу патент 116,4 пайызга, милдеттүү патент 122,1 пайызга көп сатылган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет