Бир жылдан бери кичинекей Аруузат Ташматовага акчалай жардам чогултуу иштери уланып келет. Ал сейрек кездешүүчү генетикалык ооруга чалдыккан, тагыраак айтканда, булчуңдарды башкаруучу нерв системи (спинальная мышечная атрофия – СМА) иштебей калган. Аруузат үчүн дүйнө жүзү боюнча эң кымбат деп эсептелип Гиннесстин рекорддор китебине кирген золгенсма уколун 2 миллион 300 миң долларга сатып алышы керек. Аруузаттын апасы Жылдыз Ташматова бизге жардам чогултуудагы кыйынчылыктар, кызынын учурдагы абалы тууралуу айтып берди.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №989 санынан окуй аласыз.