2013-жылдын 12-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу аталган райондун Билим берүү башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Курулган мектептин баасы 49 миллион 957 миң 500 сом. 375 орундуу бул мектептин ачылышына окуучулар жана ата-энелер катышты.
“Мектеп эки кабаттуу. Анда 19 класстык бөлмө жана бир жыйын залы бар. Ал эми спорт зал жакында бүтөт”,- дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев.