"ПСЖ" клубунун футболчусуна кол салуу болду. Бул кызганычтан болушу мүмкүн (оор жаракат алган кыздын сүрөттөрү)

Париж шаарында "ПСЖ" клубунун кыз-келиндер командасынын футболчусу Хейру Хамрауиге кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, адегенде полиция кол салууну уюштурган деп футболчунун командалашын кармаган. Кармалган жаран оюн талаасында анын ордун ээлегиси келип, кол салуу уюштурган болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда кол салуунун дагы бир жагдайы иликтенип, ачыкка чыгууда. Ага "Барселона" клубунун мурдагы футболчусу Эрик Абидалдын жубайы шектелүүдө. Ал күйөөсүн Хамрауиден кызганып, футболчу кызга кол салышы мүмкүн.

Учурда Хамрауи оор жаракат алып ооруканада. Ал ден соолугуна байланыштуу карьерасын жыйынтыктап калышы толук мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан