Курманбек Дыйканбаев, депутат: “Ысык-Көл облусуна керектүү көмүрдүн үчтөн бири гана даярдалды"

Ысык-Көл облусу кышта керектей турган көмүр запасы 75 миң тоннаны түзсө, азыркы күндө анын үчтөн бири гана даярдалды. Ал эми Чүй облусуна керектүү көмүр толук даяр. Муну бүгүн, 13-ноябрда “Парламент” радиосундагы маегинде ЖКнын депутаты Курманбек Дыйканбаев билдирди.

 

Ал эми энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, Ысык-Көл облусуна быйыл кышка 80 миң тонна көмүр керектелет. 1-ноябрга карата анын 26 миң тоннасы даярдалды.

“Бишкек ЖЭБинде 850 миң тонна көмүр болсо, анын 450 миң тоннасын жергиликтүү кенчилер өндүргөн көмүр. Анын ичинен 100 миң тоннасы Кара-Кеченин көмүрү”,- дейт Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан