Түркиядагы ФЕТО уюмунун лидери Фетхуллах Гүлен АКШда каза болгондугун түркиялык маалымат булактары жазышууда.
Бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек. Ал эми социалдык тармактарда Фетхуллах Гүленди ууландырган деген маалыматтар тараган.
Белгилей кетсек, түрк бийлиги Гүлен жана анын тарапташтары 2016-жылдын 15-июлунда аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпташкан. Ал эми Гүлендин тарапташтары бул айыптоону четке кагып келишет.