2010-жылдын 10 айында коммуналдык кызматтардын төлөмү жана көмүр сатып алууга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттик мекемелерге 317,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бөлүнгөн каражаттын 130,9 миллион сому электр энергиясы үчүн, 14,6 миллион сому жылуулукка жана 14 миллион сому жаратылыш газы үчүн жумшалды. Ал эми калган 157,8 миллион сому облус жана райондогу бюджеттик мекемелерге көмүр сатып алууга берилди.