Парламент: КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун залда жок депутаттарга добуш бериши сынга кабылды

Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун Регламентти бузуп жатканын айтып чыкты. Исаков мыйзам долбоорго биринчи окууда добуш берүүдө Ч.Турсунбеков башка депутаттар үчүн да кнопка басканын айтты.  

“Минтип мыйзам бузууга ага ким уруксат берди? Мындай укукту ал кимден алды, президенттенби?”,- деди Исаков. 

 

Башка депутаттар бул маселени ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде кароону сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан